www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиядагы айылдардын биринин тургуну аялынын ишенимсиздигин ачыктап, аны сүйгөнү менен үйлөндүргөн. Бул тууралуу The Thaiger басылмасы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жубайлар үч жыл чогуу жашап, эки балалуу болушкан. Жаңы турмуш курганда күйөөсү аялы ага ишенимсиздик кылып жатканын сезген, бирок аны чыккынчылык үчүн айыптоого аракет кылган эмес. Бир ирет ал командировкага кеткенде аялы кечинде сүйгөнүнө барган. Бирок, үй-бүлөлүү аялдын жашыруун ойношунун ата-энеси бул тууралуу кабардар болуп калышкан. Сүйүшкөндөрдү күч менен кармап, чогуу болууга уруксат беришкен эмес.

Бул окуя тууралуу кабар тез эле айылга тарап, жергиликтүү элдин нааразычылыгын жараткан. Эң кызыгы, иш сапардан кайтып келген күйөөсү чыр-чатак салган эмес. Анын ордуна ал аялы менен сүйгөнүнүн тоюн уюштурууну чечкен.

Белгиленгендей, алгач жигит үйлөнүүдөн баш тарткан. Бирок айылдаштарынын басымынан кийин макул болгон. Той жергиликтүү чиркөөлөрдүн биринде өтүп, ага тургундар катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости