www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) 500 миң АКШ долларынан ашык асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум К.Асанбектин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.

(“Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары, “Командор” англис породасы - баасы 100 миң АКШ доллары, “Раушан” англис породасы - 100 миң АКШ доллары, “Дончак” донской англис породасы - 100 миң АКШ доллары, “Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, “Байтал” таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, “Острый” – 15 миң АКШ доллары, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 АКШ доллары).

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости