www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 1-мартында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин залында кыргыз тилин өнүктүрүү, анын маанисин, кадыр-баркын жогорулатуу, өсүп келе жаткан муунда таза адабий кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөтүү маселелерин талкуулоого арналган жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, анын алкагында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү тилчи, Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз тилди санариптик окутуу" платформасынын бет ачары өткөрүлдү.
Платформанын түзүүчүсү Батма Болоталиевна бул күндөрү Москва шаарына эл аралык конференцияга катышуу боюнча иш сапарынан пайдаланып, Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибизге платформанын жаралуу тарыхы, мүмкүнчүлүктөрү, жаңылыгы, өзгөчөлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Жалпы катышуучулар, балдар арасында мастер-класс уюштурулду.
Батма Болоталиевна учурда кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон муктаждык күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын, айрыкча, чет өлкөдө жашаган мекендештерибиз үчүн санариптик колдонмолор өтө маанилүү экендигин белгилеп, бул окутуу платформасынын негизги максаты – мамлекеттик тилди санариптик технологиялардын жардамы менен үйрөнүүнү жеңилдетүү жана жеткиликтүү кылуу экендигине токтолду.
"Бул жерде ар бир адам өзүнө ылайыктуу убакытта кыргыз тилин үйрөнө алат. Платформа тилди угуу, окуу, жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү тапшырмалар, тесттер жана мультимедиялык материалдар менен айкалышып берилди", - деди ал.
Ошондой эле, Кыргыз тилин окутуу платформасынын таанытымынын расмий бет ачары үстүбүздөгү жылдын 13-14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасында ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө маалымат берип, 5-мартта бул таанытым Билим берүү жана илим министрлигинде улантыларын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилин үйрөнүүнүн санариптик мүмкүнчүлүктөрү, анын натыйжалуулугу жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу ой бөлүшүп, пикир алышты. Россияда жашаган мекендештер мындай платформанын иштелип чыгышы кыргыз тилин үйрөнүүгө жаңы шарттарды түзөрүн жана тилди сактоо жана өнүктүрүү ишине чоң салым кошо тургандыгын белгилешти.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар жаңы платформаны колдонуу боюнча суроолорун берип, каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын айтышты.