www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты. Олимпиадага катышуучу ар бир өлкөдөн 4 окуучудан турган курама команда жиберилет.
Кыргызстандын курама командасы:
Биология боюнча Эл аралык олимпиада (International Biology Olympiad) — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучуларынын ортосундагы биология боюнча илимий жарыш.
Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлүп келет. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат.
Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Курама команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды. 6 окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды.
Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыгы:
Булак: NazarNews.kg