www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-февралда кечинде жолго чыккан Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Пекин шаарына 3-февралда жетти. Бул шаарда бүгүн, 4-февралда кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу аземи өтөт.
Кыргызстандан бул жолу жалгыз спортчу — тоо лыжачы Максим Гордеев жолдомо алган. Ал Пекинге болгон сапары тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу маалымат берди.
Олимпиада 4-20-февраль күндөрү өтөт. Кыргызстандык Максим Гордеев (тоо лыжачы) 16-февралда жарышка чыгат. Спортчунун жанында машыктыруучусу Игорь Борисов да болот.
Кыргызстандын делегациясынын курамы:
- спортчу Максим Гордеев;
- машыктыруучу Игорь Борисов;
- миссия-шефи Чолпон Жумагазиева (Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери);
- Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов;
- Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев.
Эске салсак, өлкө башчы коңшу мамлекетке иш сапары менен кеткен.
Анда Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушмакчы.
Булак: NazarNews.kg