www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев сот тутумун санариптештирүүнүн актуалдуу маселелерине арналган кеңейтилген кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургүл Бакирова жана Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, ошондой эле санариптештирүү боюнча жумушчу топтун курамындагы судьялар катышты.

Мындан тышкары, кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев жана ведомствого караштуу органдын кызматкерлери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө сот тутумун санариптештирүү жаатында курч турган көйгөйлөрдү камтыган маселелердин кеңири чөйрөсү көтөрүлдү. Атап айтканда, санариптик чечимдерди күнүмдүк пайдалануу, техникалык коштоо жана администрлөө маселелери талкууланды. Катышуучулар сот инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана «Түндүк» ААК менен жүргүзүлгөн биргелешкен иштер адилет сот өндүрүшүнүн муктаждыктарына жана милдеттерине шайкеш келген туруктуу санариптик чечимдерди камсыздай албагандыгы боюнча бир пикирге келишти. Мунун негизги себеби катары техникалык тутумдарды коштоо жана тейлөө маселелеринин чечилбей калганы көрсөтүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөрдү тез арада жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексине, Административдик процесстик кодексине жана Жарандык процесстик кодексине киргизилген, соттук отурумдардын жүрүшүн милдеттүү түрдө аудио- жана видеожазууга алуу жөнүндө күчүнө кирген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кабыл алынды.

Ошондой эле соттук маалыматтык инфраструктуранын иштөө чөйрөсүндөгү башкаруучулук боштукту жоюу, адилет сотту жүзөгө ашыруунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында катышуучулар УИТ «Адилет сотту» сот тутумунун автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын администрлөө, коштоо жана өнүктүрүү боюнча жоопкерчиликтүү бирдиктүү субъект катары сактап калуунун (калыбына келтирүүнүн) зарылдыгы жөнүндө жыйынтыкка келишти.

 

Последние новости