www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Мирбек Толтоев Баткен ОИИБдин басма сөз кызматына берген маегинде:
“Бүгүнкү күндө милиция кызматы заман талабына шайкеш келип, мамлекеттик колдоонун натыйжасында туруктуу өнүгүү жолунда турат”, — деп билдирди.
— Мирбек Мукашбекович, сөздү Кызыл-Кыя шаарынын коопсуздугунан баштасак. Аталган аймакта коомдук тартипти сактоо кандай абалда жүзөгө ашырылууда?
— Саламатсызбы. Кызыл-Кыя шаары көп улуттуу, калкы жыш жайгашкан аймак болуп саналат. Учурда шаарда 64 миңден ашуун калк жашайт. Мындан тышкары, “Таштемир ажы” борбордук базарынын жайгашуусуна байланыштуу Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунан, ошондой эле Кадамжай районунан күн сайын көптөгөн жарандар келип соода-сатык жүргүзүп кетишет. Орточо эсеп менен шаар аймагына бир сутка ичинде 30–40 миңге чейин адам кирип-чыгат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жалпы 17 коомдук жана майрамдык иш-чара өткөрүлгөн. Ар бир иш-чарада ШИИБдин өздүк курамы тиешелүү буйруктарга жана иш-мерчемдерге ылайык так, жоопкерчиликтүү кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ырааттуу иштерди жүргүздү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык, шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана алдын алуу субъекттери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо багытында профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келүүдө.

— Өткөн жыл сиздер үчүн кандай жыл болду? Кандай жетишкендиктер, ошол эле учурда кандай кемчиликтер болду?
— 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча шаар аймагында коомдук жайларда катталган кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 9 фактыга азайып, 46 учурду (өткөн жылы – 55) түздү. Бул көрсөткүч кызматкерлердин кызматтык милдеттерин так аткарып, алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуу жүргүзүлгөндүгүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
Ошол эле учурда жалпы кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 30 кылмышка азайып, кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 6,2 пайызга жогорулады. Мындан тышкары, кылмыш иликтөө багытында олуттуу ийгиликтерге жетишилип, кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 89,7 пайызды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4 пайызга жогору.
Кылмыш иликтөө багытында жыл ичинде жалпы 155 кылмыш иши козголуп, өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 49 фактыга азайганы байкалды. Бул динамика укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун айгинелейт.
Ошол эле учурда кылмыштуулуктун жалпы санынын азайышына карабастан, жарандардын жеке маалыматтарын жана банктык эсептерин колдонуу менен жасалган алдамчылык фактыларынын өсүшү байкалууда. Бул багытта милициянын атайын бөлүмдөрү мониторинг жүргүзүп, ыкчам иликтөө иштерин күчөтүүдө.

— Бул жылга көнүмүш иш-мерчемдерден тышкары алдыга кандай максаттарды койдуңуздар?
— 2026-жылга карата жол-транспорт кырсыктарын, үй-бүлөлүк зомбулукту жана кибер-интернет кылмыштарын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү пландалууда. Айрыкча интернет аркылуу жасалган алдамчылыктын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле калк арасында, өзгөчө жаштарга жана улгайган жарандарге багытталган киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү каралууда.
Министребиз милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков белгилегендей, быйыл аймактарды өнүктүрүүгө колдон келген салымыбызды кошуп, элге сервисттик тейлөөлөрдү мындан да жакшыртабыз.
— Шаар аймагында кылмыштуулуктун кайсы багыты басымдуулук кылууда?
— Учурда шаар аймагында кылмыштуулуктун түзүмүндө үй-бүлөлүк зомбулук, кибер жана интернет мейкиндигине байланышкан мүлктүк кылмыштар басымдуулук кылууда. Айрыкча алдамчылык жана уурулук фактыларынын көбөйүшү байкалууда.
Бул багытта милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көчмө кабылдамалар аркылуу түзүлгөн графиктин негизинде шаар аймагын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн угуп жатышат. Ар бир аймактагы кылмыштуулуктун учурдагы абалы жарандарга жеткирилип, алдын алуу, түшүндүрүү жана эскертүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө. Бирок ошентсе да жогорудагы кылмыштар олуттуу көйгөй жаратууда.

— Милиция элдин коопсуздугу, мыйзам сакчылыгы үчүн кызмат өтөйт. Элдин милицияга болгон көз карашы кандай?
— Мекенди сүйүү жөн гана сөз эмес, аны коргоо жана келечеги үчүн ак ниет эмгек кылуу. Биз эл менен тыгыз иш алып барып, бат-баттан жолугушууларды уюштуруп турабыз. Жарандардан келип түшкөн ар бир кайрылууга мыйзам чегинде жана өз убагында жооп берилет.
Социалдык багытта да иш алып барып, мектеп окуучулары менен байланышта болобуз. Колубуздан келишинче стипендиялар, жаңы жылдык белектер берилип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт. Акыркы жылдары Кызыл-Кыя шаарынын тургундары милиция органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун белгилеп, ишеним жогорулап, кылмыштардын бетин ачууда жарандардын көмөгү көбөйдү.

— Санариптештирүү жаатында иштер кандай жүрүүдө?
— 2025-жылы шаар аймагында санариптештирүү багытында бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Президенттин жана Ички иштер министрлигинин тапшырмаларына ылайык, жалпысынан 54 даана заманбап видеокамера орнотулуп, коомдук жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, мечиттерге жана базарларга жайгаштырылды. Учурда бул камералар коомдук тартипти көзөмөлдөөгө чоң жардам берип жатат.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери боди-камералар жана планшеттер менен камсыздалып, жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүп жатышат. «Бирдиктүү терезе» кызматы шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратынын сыртына чыгарылып, калкка ыңгайлуу шарт түзүлдү.
— Кызматкерлердин турак-жай маселеси кандай чечилүүдө?
— 2025-жылы шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Караван айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу жана шаар аймагында үч милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер тилкелери бөлүндү. Эки таяныч пункт толук бүткөрүлүп, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Ошондой эле ижарада жашаган кызматкерлердин ижара акысынын 50 пайызы мамлекет тарабынан компенсацияланууда.

— Шаар милициясынын негизги көйгөйлөрү эмнеде?
— Акыркы жылдары мамлекеттик колдоонун жана министрликтин саясатынын негизинде көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Материалдык-техникалык база чыңдалып, видеокөзөмөл тутуму коомдук коопсуздукту камсыздоодо негизги роль ойноп жатат. Бүгүнкү күндө милиция кызматы заман талабына шайкеш келүүдө.
— Көчмө кабылдамалардын иши кандай жүрүүдө?
— Көчмө кабылдамалар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №283 буйругунун негизинде иш алып барууда. Жарандардын арыз-муңдары жеринде кабыл алынып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
— Материалдык-техникалык база тууралуу айтып берсеңиз?
— Ар бир кызматкер компьютер жана иш орду менен камсыздалган. Бөлүмдө учурда 5 кызматтык автоунаа бар, алардын бири 2025-жылдын аягында алынган JAC маркасындагы автоунаа.
— Наркомания жана экстремизмдин алдын алуу багытында кандай иштер жүрүүдө?
— Бул багытта билим берүү мекемелеринде окуучулар жана студенттер менен лекциялар, түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатабыз. Экстремизмдин алдын алуу үчүн дин кызматкерлери менен кызматташтыкта иш алып баруудабыз.
— Чет элдик жарандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлөбү?
— Бул багытта «Нелегал», «Экстремист» аттуу профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп, чет элдик жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мыйзам бузган учурларда тиешелүү чаралар колдонулат.
— Мезгил талабына жараша кандай максаттарды коюп жатасыздар?
— Кызматкерлерди заман талабына ылайык даярдоо үчүн окуу-машыгуу иштери уюштурулуп, кылмыштуулуктун жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүү ыкмалары өздөштүрүлүүдө.
— Шаардагы бөлүмчөлөрдүн жана кызматкерлердин иш шарттары кандай?
— Учурда Караван милиция бөлүмчөсүнүн имараты курулуп жатат жана 2026-жылдын 2-кварталында пайдаланууга берилет. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон өтүп, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Турак-жайы жок кызматкерлер мамлекеттик ипотека программасына арыз беришип, кезеги келгенде үй менен камсыз болушат.
— Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук тууралуу айтып өтсөңүз?
— 2025-жылдын 12 айында балдар тарабынан 14 кылмыш катталган, 2024-жылы бул көрсөткүч 11 болгон. Балдарга карата кылмыштар 2025-жылы 23, 2024-жылы 20 факт катталган. Бул көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө ата-энелердин тарбияга жетиштүү көңүл бурбагандыгы жана миграция факторлору себеп болууда. Бул багытта профилактикалык түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө.
— Өзгөчө ийгилиги менен айырмаланган кызматкерлер болду беле?
— 2025-жылдын жыйынтыгы менен жалпы 21 кызматкер кылмыштуулуктун бетин ачуу жана профилактикалык иштердеги жетишкендиктери үчүн бөлүмдүн атайын кол сааттары жана мактоо баракчалары менен сыйланышты.