www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бутунан жаракат алганын айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн жергиликтүү басылмаларга берген интервьюсунда билдирди. Ал «Алтын балалык» борборун реконструкциялоо боюнча курулуш иштерине катышкан.

Министрдин айтымында, бутунун тизеден жогору булчуңдары жараланган. Мындан улам министр өз ишмердүүлүгүн чектөөгө аргасыз болуп, медициналык байпак кийип, аксап басып жүрөт.

Министр жаракатын айтып гана тим болбостон, журналисттин алдында шымын чечип, алган жаракатын көрсөткөнгө да жетишкен. Беделдүү аткаминер «ич кийимчен» маектешкени адаттан тыш көрүнүш эмеспи деген суроо жаралат. Ансыз да коомчулукта ар кандай терс пикир жаратып, өзүнүн рефомрмасы менен «хайп» болуп жаткан бул министрден дагы эмнени күтсө болот?

Негизи эле октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун аркасы менен бийликке келген бул министр кызматка киришкенден тартып эле «хайп» жаратып келет. Башында «уу коргошун» менен таанылган Бейшеналиев президент Жапаров менен жакын дос экенин бүткүл жумурай-журтка жар салган. Ошондонбу, айтор, Алымкадыр-мырза бир канча эскертүү алса да, «президент мага ишенет» деп өз билгенин жасап, мамлекеттик кызматтагы адамга жарашпаган ар кандай өңүттөгү «шоу» менен «оюн» коюу менен убара.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости