www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында набыт болгондор эскерилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты - Sputnik Кыргызстан

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты

Билдирүүгө ылайык, калаада митинг-реквием өтүп "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. - Sputnik Кыргызстан

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында набыт болгондор эскерилди - Sputnik Кыргызстан

"Элибиз эзелтеден биримдикти, ынтымакты жогору баалап келген. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун. Ош шаарынын мэриясы июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дайынсыз жоголгондорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр", — деди вице мэр.

Калаада митинг-реквием өтүп "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти - Sputnik Кыргызстан

Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Бул эл арасында "Июнь коогасы" деп айтылып калды. Расмий маалыматтар боюнча, каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган.

57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Күнөөлүү тараптарды аныктоо үчүн 11 жылдан кийин кылмыш иши кайра жанданып, Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости