www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Өрүктү айылындагы аймактык бөлүмүнүн иши менен жеринен таанышты.

Аким мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча кезек күткөн жарандардын суроо-талаптарын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берди. Жарандар тейлөө кызматынын сапаты жакшы экенин белгилешип, кезекке турууну жандуу кезек эмес, талон аркылуу уюштуруу сунушун айтышты.

Бул маселе боюнча аймактык бөлүмдүн жетекчиси талон аркылуу кезекке тургузуу үчүн керектүү жабдыктарды алып келүү багытында тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле район башчысы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жаңы ачылган тест тапшыруучу жайдын иши менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн жарандардан бир гана паспорт жана эски айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Бул боюнча түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу дагы арыз берип алмаштыруу мүмкүн.

Последние новости