www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө компаниянын ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоору, билим берүү, туризм, медицина тармагындагы долбоорлору сунушталды.

Сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводунун курулушу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү долбоору, Куттисай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү бар, “Чоң-Кемин”, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоо жана өнүктүрүү долбоору, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу бар.

Мамлекет башчысы сунуш кылынган долбоорлордун концепциясын жактырып, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын 2022-жылга карата бюджетин бекитип, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын алкагында сунушталган бардык долбоорлор көрсөтүлгөн убактысында аткарылышы керек.
Бул долбоорлор социалдык-экономикалык маселелердин комплексин камтыйт, андыктан алардын эффективдүүлүгү жана өзүн актоосу биз үчүн өтө маанилүү”, - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коому “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5-Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Мекеменин негизги максаттарынын бири эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жер казынасын пайдалануу жана экономиканын аны менен байланышкан тармактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдо болгон мамлекеттик ресурстарды максималдуу концентрациялоого жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости