www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-июлда президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, ага Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды.

Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити)  - Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана Пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости