www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман инженерлерге жана дизайнерлерге өзүнүн кийинки архитектуралык долбоорун Египет пирамидалары сыяктуу эсте каларлык кылгысы келерин жана ал дүйнөдөгү эң чоң имарат болушун каалаганын Naked Science билдирди.
Принц Салман структураны "Күзгү сызык" деп атайт. Анын планы боюнча анда беш миллионго жакын адам жашайт. Асман тиреген имарат ар биринин бийиктиги 487 метр жана узундугу 120 километр болгон эки параллелдүү имараттын жыйындысы болот.
Мегакурулушту курууга бир триллион доллар керектелет.
"Күзгү сызык" жашоочуларга стадион, яхта клубу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана тамак-аш өндүрүшү сыяктуу дээрлик бардыгын камсыз кылышы керек.
Булак: NazarNews.kg