www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шотландияда ондогон ири деңиз жаныбарлар жээктен табылган. Аларды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Бул тууралуу Еuronews жазды.

Деңиз биологдору Шотландиянын Льюис аралынын жээгинен табылган киттердин массалык түрдө жээкке чыгып калуу себептерин иликтеп жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алгач үйүрдүн бир мүчөсү жээкке чыгып калган, анын артынан ондогон киттер ээрчип жөнөшкөн. Киттердин бул түрү күчтүү социалдык байланыштары менен белгилүү.

Куткаруучулардын аракетине карабай, 55 кит өлгөн. Айрымдары эвтанизацияланган (атайын дарынын жардамы менен өлтүрүү).

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости