www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Сирия менен чектеш Каркамыш шаары ракеталык аткылоого дуушар болду. Жардыруулардан кеминде үч адам өлүп, алтоо жараат алды. Каза болгондордун арасында бир жаш бала бар. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Haberturk телеканалынын эфиринде билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, Сирияда жүргөн Күрдистан жумушчу партиясынын жана элдик өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн мүчөлөрү шаарга беш ракета атышкан. Бир мектеп, эки имарат жана бир унаа жабыркаган.

Кечээ, 20-ноябрда Түркиянын Коргоо министрлиги Ирактын жана Сириянын түндүгүндөгү күрт согушкерлеринин базаларына жасалган аба соккуларынын натыйжасында баш калкалоочу жайлар жана ок-дары кампалары болгон 89 бута жок кылынганын билдирди. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, соккулардын натыйжасында Хасака жана Алеппо провинцияларында бир нече сириялык жоокер набыт болду.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 80ден ашууну жарадар болгон.Сойлунун айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда, Түркияда тыюу салынган уюмдар – Күртстан жумушчу партиясы жана Демократиялык биримдик. Кол салуунун артында Сирияда аракеттенген партия турат. Уюмдардын өкүлдөрү кол салууга тиешеси жоктугун айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости