www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун операциялар боюнча директору Мартин Шупп Вашингтон Пост гезитине берген маегинде Ооганстан келерки кышта гуманитардык кырсыкка туш болот деп болжолдоду.
«Оогандар күн санап жашоо үчүн жана үйлөрүн жылытуу үчүн жок дегенде отун сатып алуу үчүн мүлкүн сатууга барган сайын аргасыз болууда. Алар азык-түлүккө жана негизги керектелүүчү товарларга болгон баалардын тынымсыз жогорулашына дуушар болууда», - деди ал.
Ал кошумчалагандай, Ооганстан Талибандын бийлиги астында экинчи кышты сырттан жардамсыз өткөрөт.
Шупп белгилегендей, абалды бүтүндөй өлкөнү көзөмөлдөгөн талиптерге каршы санкциялар, банктык которуулардын толук токтотуусу жана Ооганстандын валюталык резервинин тоңдурулганы курчутат. Ал ошондой эле НАТОнун контингентинин кетиши менен аяктаган Ооганстандын Батыштын каржылык жардамына көз каранды экенине токтолду.
Булак: NazarNews.kg