www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезиянын Ява аралында болгон жер титирөөдө 46га жакын адам каза болуп, 700дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Батыш Явадагы эң ири шаарлардын бири Чианжур шаарынын администрациясынын башчысы Герман Сухерман билдирди.
«Акыркы маалыматтар боюнча 46 адам каза болуп, 700дөй киши жараат алды», - деди ал Kompas TV телеканалына.
AP агенттигинин маалыматына ылайык, Чианжур бүгүн, 21-ноябрда болгон күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу болду.
Индонезиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин башчысы ондогон имараттар, анын ичинде ислам интернаты жана оорукана жабыркаганын билдирди. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда, деп билдирет мекеме.
Жер титирөө Индонезиянын борбору Жакартада да сезилди.
UPDATE : At Least 44 Dead As #Earthquake Hits #Indonesia#WestJava #Cianjur #Bengkulu #Kupang pic.twitter.com/r1Z9B7nnXT
— Himanshu dixit 💙 (@HimanshuDixitt) November 21, 2022
Булак: NazarNews.kg