www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын бийликтери Германиянын өлкөдө кошумча Patriot ракетадан коргонуу системасын (АБМ) жайгаштыруу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Мариуш Блашак билдирди. Алар Польша-Украина чек арасына ракетадан коргонууну орнотууну пландап жатышат.
«Мен Германиянын Коргоо министринин биздин өлкөдө кошумча Patriot ракета учуруучу комплекстерин жайгаштыруу сунушун канааттануу менен кабыл алдым. Бүгүнкү немис тарап менен болгон телефондук сүйлөшүүдө мен бул системаны Украина менен чек арага жайгаштырууну сунуштайм», — деп жазды Блашак өзүнүн Twitter баракчасына.
Берлиндин Польшага Eurofighter истребителдерин жана кошумча аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Patriot ракетадан коргонуу системасын берүү сунушун Германиянын Коргоо министрлигинин башчысы Кристин Ламбрехт мурда айткан.
Ламбрехт Германиянын Rheinische Post басылмасына берген интервьюсунда НАТОнун «биринчи кезектеги жоопкерчилиги» бул альянс «согуштун катышуучусу болуп калбасын» камсыз кылуу экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, поляк бийликтери жана алардын союздаштары Польшадагы ракета сыныктары менен болгон окуяга эчияттык менен жооп беришкен.
Эске салсак, 15-ноябрда Украина чек арасына жакын жердеги Польшанын Пржеводов айылына ракета кулап, эки Польша жараны набыт болгон. Варшава менен Вашингтон Украинанын абадан коргонуу ракетасынын сыныктары айылга түшкөнүн кабарлашты. Украинанын президенти Владимир Зеленский ракета орусиялык экенин билдирди. Бирок, анын айтымында, азырынча дүйнөдө эч кимде эмне болгону тууралуу ишенимдүү маалымат жок.
Булак: NazarNews.kg