www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Анын айтканына таянсак, статистика боюнча акыркы жылдары аскердеги жоокерлер каза болгон учурлардын саны төмөндөөдө.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов жоокерлер аскер кызматында атынып, асынып каза болгон учурлар бар экенин айтып, мунун баары "дедовщина" себептүү эмеспи деген суроо узатты.

Орун басардын айтымында, статистика боюнча акыркы жылдары жоокерлер арасында каза болгондор азаюуда.

"Статистикага токтоло кетсек, биздин маалымат боюнча, 5-10 жыл мурдагыга караганда мындай терс көрүнүштөр азаюуда" - деди.

Бул жерден Атазов Карасартовду токтотуп, статистиканы эмес, өлүмдөрдүн себебин сурап жатканын айтты.

Депутат андай болсо жоокерлер кызмат өтөөдө эмнеден кыйналып жатышканына кызыгып, "бир адам болсо да статистика да. Статистика азайды деген туура эмес. Тамак-аштан же кийим-кечеден кыйналып жатышабы? Так айтып койсоңуз" - деп суроо салды.

Карасартов: "Биздин анализдин негизинде тамак-аштан, кийим-кечеден кыйынчылыктар болгон жок. Мектептеги аскерге чейинки даярдыктарда болуп жатабы деп эсептейм. Психологиялык жактан даяр эмес. Терс көрүнүштөргө токтоло кетсек, бул толук эмес үй-бүлөлөрдө чоңойгон балдарда болууда. Ошондуктан психологиялык туруктуулугу жактанбы деп ойлоп жатабыз. Ал боюнча алдын алуу жумуштарын күчөттүк", - деп жооп берди Карасартов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости