www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулда көк бөрү оюнунун командасынын капитанынын үйүнөн баңгизат менен ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө гашиш баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан баңгизатын сатуучу мурда соттолгон жаран 1981-жылы туулган Ж.Э. аныкталган. Шектүү жаран Токтогул районунда туулган. Учурда Токтогул районунун көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны. 

Бишкек шаарынын аймагында кылмыштуу топтун жана алардын белгисиз шериктеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында өлкө аймагында “МАК-2023” ведомстволор аралык операциясынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Кара-Курай” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 7-июлда саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э.нин башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814”  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар - ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана "Hony-Bag Basic KIT 5" фирмасынан чыгарылган темирден жасалган тор бар болгон. 

Андан аркы тергөөнүн жүрүшүндө Ж.Э.нин жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы гашиш баңгизаты экени аныкталган. 

Бул факты боюнча 7-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал табылган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды. 

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Ж.Э. карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости