www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Топчубай Досбаев:

Чай кайнам

Өжөрлүк менен ийгиликтин ачкычы бир-бирине дал келет. Дал ушул экөө таланттуу актёрго керектүү курал. Ал эми ийгилик жаратпаган актёр өзүн өзү жоготот. Андыктан иш билги инсан өз кесибинин фанаты. Кино жана театр актёру Топчубай Досбаев театрда 30 дан ашуун ар кандай жанрдагы ролдорду аткарып келди. Тарыхый инсандар И. В. Сталин, Чыңгыз Айтматов дун образдарын жеткиликтүү чагылдыра алды. Ал эми кино чөйрөсүндө "Селкинчек". "Айылдан айга", "Ажар", "Курманжан Датка", "Аял бактысы", "Серенада" тасмаларда роль аткарган.

Ош шаарында областтык, республикалык, эл аралык иш чараларда, фестивалдарда алып баруучу катары жогорку деңгээлде иш  алып баргандын натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болду.

Ош шаарынын мурдагы маданият башкармалыгынын башчысы, азыркы  улуттук маданий борборунун руханий мурастарды жайылтуу секторунун башчысы, министрдин кеңешчиси, актёр Топчубай ага менен бир чай кайнам убакытта баарлаштык.

- Топчубай ага, алгач наам кут болсун. Татыктуу сыйлык күттүрбөй келет экен...

- Наам боюнча кыргыз элиме терең алкыштар Өлкө башчысы жогоку даражадагы наамды ыйгарып эмгекти баалаганына ыраазычылык билдирем. Туура айтасыз, күттүрбөй келген сыйлыктын даамы таттуу деп калышат. Мен ошону жон терим менен сезип олтурамын.

- Аман Токтогуловдун бир жакшы сөзү эске түштү: "Неге адамга берилет кайран жаштык, көккө шаңшып бир ирет учпаган соң". Анын сыңары, жаш курак сиздин баамынызда...

- Учурунда баркына жетпей, кийин кеч болуп калат.

- Искусство-мен үчүн максаты эмес, тек гана өзүмдү- өзүм таануу ыкмам деп даанышмандын айтканы бар. Түштүк региону боюнча маданият ишмер катары айта кетсеңиз, канча долбоор иш жүзүнө ашты?

- Мен үчүн Байыркы Оштун тарыхый, маданий баалуулуктарын З жолку көчмөндөр оюнунда долбоорду, "Этно Ош" фольклордук ансамблди түптөө, жергиликтүү, республикалык, эл аралык маданий иш чараларды өткөргөнүмө сыймыктанам.

- Адамдын ким экендигин окуган китебинен билсе болот дешет, кайсы жанрдагы китептерге жакынсыз?

- Тарыхый, поэзия, прозаларды окуймун.

- Коомдогу коркунуч кайсы? Атагы чыккан профессионал талантпы же үйрөнчүк (халтурщик) талантпы?

- Профессионал талант. Себеби биздин доордо ой жүгүртүү, техниканын болуп көрбөгөндөй тез өнүгүүсүнүн таасири дейбизби, профессионал таланттуулар басымдуулук кылат. Коомго көз карашы түз эмес профессионалдар тууралуу сөз болуп жатат, мына ушундай лар таланттар коркунуч жаратат. Анткени бат эле коомду башка нукка буруп коёт.

Мисалга алсак, Голливуддун институтунда атайын сценаристтерди даярдап чыккан шаарча бар. Не бир таланттар техникалык жабдыктар менен коомду өзгөртүп жатат. Искусствонун кайсы тармагын албайлы плагиат басымдуулук кылат. Кылымдар бою сакталып келе жаткан классиканы дагы түп нускасы менен өзгөртүп, заманбапка айкалыштыра коём деп бузуп алып жатышат. Андыктан үйрөнчүк таланттар чын дили менен берилип чыгармачылыкка сүңгүп кирген таланттар деп атай алам. Бир эле айыбы аларды чала сабаттыгы аксатып коюп жатат.

- Мамлекеттин өнүгүүсү- келечектин жыргалы дегендей, азыр бизге аба менен суудай эмнерел керек болуп жатат...

- Маданият аркылуу улуттук идеологияны көтөрүү керек. Улуттук идеология ны камтыган (каада-салт, үрп-адат, нарк-насил, адеп-ахлак)мына ушуларды бала-бакчадан баштап ЖОЖго чейин улуттук баалуулук долбоору катары киргизүү зарыл. Бир алдын бул долбоорду кезегинде министр болуп турганда Султан Раев иштеп чыккан эле, бирок иш жүзүнө ашпай калганы өкүнүчтүү. Улуттук идеологияны визитка катары алып жүрмөйүн мамлекеттин өнүгүү жолу кыйын.

- Тажрыйбалуу талантка ачыла элек сырдуу дүйнөсү өзүнө да кызыктыр. Алдыга койгон максаттар...

- Ооматуу изденүү.

Динара Асылбекова

Последние новости