www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

47 жаштагы төрт баланын энеси өзүнөн 19 жаш кичүү жигитти сүйүп калып, ага турмушка чыккан. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазып чыкты.

Дианна Бумер 38 жашында досунун 19 жаштагы жээни Стивенди сүйүп калган. Аялдын айтымында, ал алгач сүйүктүүсү барып жүргөн автоклубга бара баштаган. Ал учурда аял ажырашып, төрт баласын жалгыз багып жүргөн. Дианна Стивенди батирине көчүп келип ижара акысын бөлүп төлөөнү сунуштаган. Ошондон бери түгөйлөр ажырашкан эмес.

Стивен алгач өзүнөн эки эсе улуу аял менен болгон мамилеси үчүн үй-бүлөсүнүн айыптоосуна кабылганын айтат. "Дианна апамдан бир нече ай улуу болгондуктан, ал жаман болду" дейт ал. Стивендин туугандары анын башка бирөөнүн балдарын тарбиялай албай турганын айтышкан. Себеби Диананын эң улуу баласы андан 4 жашка чоң болгон. Ошондой эле учурда достору да андан алыстап кетишкен. Бирок, Стивендин айтымында, убакыт өткөндөн кийин анын үй-бүлөсү жана достору анын тандоосун кабыл алышкан. Жакында түгөйлөр үйлөнүү тоюнун жети жылдыгын белгилешти. Учурда алар төрт жашар баланы тарбиялап келишет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости