www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргондо 18 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна 2023-жылдын 29-сентябрь күнү  үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда Саматова Айнуска Болотбековна жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы- көзү кара, чачы кара кыска, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү толстовка жемпир, джинсы  шым, бутунда  жашыл түстөгү кроссовки   болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Саматова Айнуска Болотбековна  тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 102, (03736) 5 02 61,   0995 88 02 00.  

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости