www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тоноого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда милицияга К.Т. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 09:00до Жал кичирайонундагы компьютердик клубдардын биринде белгисиз жаран күч колдонуп, Redmi телефонун жана 3,5 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 18 жаштагы К.Н. аттуу жаш жигит кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости