www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кутманованын бөгөт чарасы 5-октябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсү экс-министрди 9-декабрга чейин камакта калтырууну суранган. Сот өтүнүчтү канааттандырган. Кутманова УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу издөөгө алынганы кабарланган. 

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

25-июлда УКМК мурдагы министр Динара Кутманова кармалганын билдирген. Ал алгач 9-августка чейин, кийинчерээк 9-октябрга чейин камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости