www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Павлодар облусунда дайынсыз жоголгон жети жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгү котловандан табылды. Милиция бир эле учурда эки берененин негизинде сотко чейинки иликтөө иштерин баштаганын казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Каргаша 5-октябрда Галицкое айылына жакын жерде болгон.

"Саат 22:20лар чамасында айылдын тургуну участкалык инспекторго кайрылып, саат 21:00дө үйүнө жумуштан кайтып келгенде 7 жана 8 жаштагы балдарын үйдөн таппай калганын билдирип, табууга жардам сураган", - деп айтылат маалыматта.

Участкалык полиция кызматкери менен бирге айыл тургундары дагы балдарды издешип, жарым сааттан кийин айылдан 500 метр алыстыктан ​​табышкан.

"Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн арналган жасалма суу сактагычтын суусунан зордук-зомбулук менен өлүмдүн сырткы белгилери жок балдардын сөөгү табылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат", - делет маалыматта.

Полиция балдар сууга чөгүп кеткен көлмө тосулбаганын аныктаган.

"Ирригациялык система үчүн гидротехникалык курулмада тосмолор жок. Аймак жарыктандырылган эмес, тыюу салуучу белгилер жетишсиз болгондуктан адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралууда. Аталган факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренесинин 3-бөлүгү (Курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү) жана 254-беренеси (Милдеттерге карата адилетсиз мамиле кылуу) боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирет Павлодар облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Биринчи берененин санкциясында үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Экинчи беренеде үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө чектөө же эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости