www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин шаарларындагы салгылашуулар аяктады, Газа тилкесинен 4 400дөн ашуун ракета атылганын ЖМКлар Израилдин коргонуу күчтөрүнүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, чек арадагы конуштар аскерий көзөмөлгө алынып, алардын 15инде тургундарды эвакуациялоо иштери уланууда.

Израилдин Коргоо күчтөрү шаарларда дагы эле куралчан адамдар бар экенин моюнга алды. Haaretz басылмасынын маалыматына караганда, атышуу Газа тилкеси менен чектешкен Сдерот шаарына жакын жердеги Саад айыл чарба коммунасында жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Израиль ХАМАСтын объектилерине абадан ок атууну улантууда.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости