www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдары 12-13-октябрда сабактарды онлайн форматта өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан аталган күндөрү сабактар онлайн форматта болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости