www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Декларатор сайтында 2021-жылы эң бай депутаттардын 2-сабында турган Жылдыз Садырбаева Кыргызстандагы “Фармамир” дарыканалардын ээси. Ал 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты да болуп саналат. https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060855501_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_7efc236749135215cfee59e8e902d178.jpg

Ошондо депутат Жылдыз Садырбаева учурда Кыргызстандагы кем эле дегенде үч мыйзамды бузуп жатат. Алар “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамдары”.  Мыйзамдын негизинде депутатка жана анын  жакындарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салынган. Буга карабастан, politmer.kg сайтынын журналисттеринин анализине ылайык, ЖК депутаттарынын көпчүлүгүнүн өзүнө же жакындарына таандык коммерциялык уюмдары бар. Мыйзам чыгаруучулардын өздөрүнүн мыйзам бузуп жатышы биздин өлкөдө кадыресе көрүнүшкө айланды.

Жылдыз Садырбаева Декларатор сайтынан  алынган маалымат боюнча 2021-жылдагы кирешеси 105 миллион сомду түзгөн:

7-чакырылыштын депутаты Жылдыз Садырбаева кесиби боюнча дарыгер. Ал И.Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтун "жалпы медицина" адистигин бүтүргөн. ЖК депутаты болуп 2021-жылы шайланган.  

Жылдыз Садырбаева депутаттыкка чейин "Фармамир" дарыканалар түйүнүн иштетип келет. Кыргызстандыктарга бул дарыканалар жакшы белгилүү. Бул түйүн 20 жылдан бери иштеп жатат жана өлкөдөгү ири компаниялардын бири.

Эл өкүлү Жылдыз Садырбаева 2009-жылдан 2021-жылга чейин ээлик кылган “Фармамир” фирмасына көз чаптырсак, Sled.kg сайтынан алынган маалыматтарга ылайык,  жоопкерчилиги чектелген уюм 2009-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда директору катары Айдакеева Гулина Исаевна көрсөтүлүп турат. 

Наргиза Иманкулова, журналист

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости