www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Либералдык-демократиялык партиясынын мурдагы лидери Владимир Жириновский 2024-жылга чейин Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам Украинаны баары унутат деп болжолдоп, бул тууралуу 2019-жылы “Вечер с Владимиром Соловьевым” программасында билдиргени Интернет колдонуучулар арасында талкууга алынды.

"2024-жылга чейин Жакынкы Чыгышта жаңжал чыгып, баары Украина тууралуу унутушат", - деген маркум саясатчы.

Жириновский бул окуялар үчүнчү дүйнөлүк согуштун жарчысы болуп калышы мүмкүн экенин айтып, аларда Ирандын өзгөчө ролун баса белгилеген.

"Иран силерге Корея Элдик Демократиялык Республикасы, Вьетнам же Косово эмес. Эң коркунучтуу окуялар ушул жерде болот", - деген Жириновский.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости