www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти — Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчы департаменттин жеке курамы менен саламдашып, 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда 80 жыл аралыгында аскердик антка бекем турган жоокерлер абийир менен ар-намысты бийик сактап, мыйзамдуулуктан тайбай, мамлекет тарабынан тагылган маанилүү милдеттерди так аткарып, күзөттө туруп келе жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мекеменин төмөнкү кызматкерлерине алкыш жарыялады:

Талайбек Жуматаевге — начальниктин биринчи орун басары — штабдын начальниги;
Зауре Алыбаевага — жалпы бөлүмдүн начальниги;

Жолдош Кызаевге — 1-саптык батальондун штабынын начальнигинин жардамчысы — коштоп жүрүү боюнча атайын багыттагы топтун командири.

Андан соң Департаменттин өздүк курамын салтанаттуу өттүсү болуп, андан соң Мамлекет башчысы ардагерлер менен баарлашты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, Департаменттин музейи менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости