www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Анын алкагында 15-октябрда аталган кызмат адамдарынын жана бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон А.А.Т., А.Д.А., З.Г.М. жана Н.И.Х. аттуу адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында ар кандай фамилияга берилген жер тилкелеринин документтери, анын ичинде айыл өкмөттүн токтомдорунун бланктары, алты флеш-карта, бир ноутбук, эки рация, бир дүрбү, үч пневматикалык курал (1 тапанча, 2 мылтык) жана алардын ок-дарылар менен табылып алынган.

Алынган буюмдар кылмыш ишинин материалдарына тиркелип, электрондук алып жүрүүчүдөгү маалыматтар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости