www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл август айында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ачкан Астана шаарындагы мечитти жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорун Астана акимчилиги коомдук талкууга алып чыкты.

Токтомго ылайык, мындан тышкары бардык Нур-Султан деп жазылган баш калаанын аталышы Астана деп өзгөртүлөт.

Нурсултан Назарбаев 12-августта Астана шаарында Борбор Азиядагы эң ири мечитти ачкан. Анын алгачкы ташын 2019-жылы март айында Назарбаев отставкага кеткен күнү өзү койгон.

Казакстандын экс-президенти мечиттин ачылуу аземинде "бул жеке жарандар менен инвесторлордун эсебинен салынган фундаменталдуу мечит" экенин айткан.

Мечиттин ачылышына Назарбаев бийликте турган кезде айланасында жүргөн кишилер да катышкан. Арасында Казакстандын мурдагы премьер-министри Аскар Мамин, экс-сенатор Куаныш Султанов, Жамбыл жана Алматы облустарынын мурунку акимдери Бердибек Сапарбаев менен Амандык Баталов бар. Өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев мечиттин ачылышына барган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости