www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып колдонууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, тик учак менен жарандарды куткаруу жумуштары ӨКМдин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.
“Ал эми биздин авиакомпаниябыз толугу менен коммерциялык болуп саналат. Ошондуктан, жеке ишкер болобу, мамлекеттик же жеке компания болобу, акчасын төлөп, тик учакты өзүнүн каалаган максатына колдоно алат. Тик учакты бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт. Тик учакты акчасы көп ишкерлер изилдөө жүргүзгөнгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Мисалы, кечээ жеке ишкер тик учакты 800 миң сом төлөп, 4 саат 16 мүнөткө өзүнүн максатына колдонду”, - деди ал.
Ажикеев министрликтин кызматкерлери, анын ичинде министр өзү дагы жеке иштерине тик учакты колдонбой турганын белгилеп, жыл аягына чейин эки кыймылдаткычтуу дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg