www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктады

Москвада жарым-жартылай мобилизациянын алкагында аскерге чакыруу аяктаганын мэр Сергей Собянин билдирди. Мобилизациялангандарды кабыл алуу пункттары бүгүн, 17-октябрда саат 14:00дө жабылды.

«Жашаган жерине жана ишканаларга мобилизациялоо процессинде жөнөтүлгөн чакыруулар күчүн жоготот», — деп жазган мэр өзүнүн блогунда. Ал москвалыктар кызмат өтөп жаткан аймактардын жетекчилиги менен бирдикте «аскердик бөлүктөрдөгү жашоону жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө» убада берди.

Орусияда 21-сентябрдан тарта президент Владимир Путиндин жарлыгы менен жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Коргоо министри Сергей Шойгу Орусия боюнча 300 миң адамды аскерге чакыруу пландалганын билдирди. Москва жана Москва облусундаа аскерге чакырылгандардын саны белгисиз. Путин өткөн аптада мобилизация эки жуманын ичинде бүтөөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости