www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан, Тажикстан жана Россия президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечип берүү өтүнүчү менен Владимир Путинге кайрылган.

«Астанада президенттердин ачык сүйлөшүүсү болду. Чек ара көйгөйлөрү чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо маселелери убагында чечилбегендиктен келип чыккан. Ошондуктан президентибиз Путинге кайрылып, бул маселени чечүүгө жардам сурады. Орус тарап эки тараптын материалдарын изилдеп, кийинчерээк акыркы баасын берүүнү убадалады. Бул маселе чечилет деп ойлойм, анткени архивдик документтерди, карталарды Москвадан тапса болот», - деди Иманкулов.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин: «Москвада союздук республикалардын ортосундагы чек аралар жөнүндө ишенимдүү маалыматтар ал өлкөлөрдүн өздөрүнө караганда көбүрөөк», - деген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости