www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана КР президентинин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери КР УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду.

Аламүдүн районунун Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости