www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарындагы “А.Жайнаков” атындагы маданият үйүндө Баткен шаарындагы ИИОнун кызматкерлери менен кызматтык милдеттерди так аткаруу жана мыйзамдуулукту сактоо багытында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Баткен ОИИБдин, Баткен РИИБдин жана Баткен ШИИБдин өздүк курамы катышты. Жыйындын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде өткөн коллегиянын чечимдерин жана милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан коюлган тапшырмаларды жеткирди.

Жыйында коомдук тартипти сактоо, кызматкерлер арасындагы ички тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө маселелери көтөрүлдү. Башкармалыктын башчысы өз сөзүндө кызматкерлерди кызматтык тартипти так сактоого, кызматтык милдеттерин мыйзамдуулуктун негизинде так жана жоопкерчиликтүү аткарууга чакырды. Ошондой эле кызмат өтөө учурунда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жарандардын укук жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында ишти күчөтүү боюнча катуу талаптар коюлду.


Жыйындын алкагында КР ИИМ тарабынан даярдалган видеотасмалар көрсөтүлдү. Жыйынтыгын чыгарып жатып, Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов аймактардагы милиция бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана калкка сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүдө ар бир милиция кызматкеринин салымы маанилүү экенин белгилеп, “Ар бир кызматкер өз милдетин так аткарып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууга милдеттүү”, деп баса белгиледи.

