www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө видеокөзөмөл жана адамдын жүзүн таануу системалары коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Коомдук жайларда орнотулган видеокамералар укук бузууларды өз убагында аныктоого, кылмыштарды тез ачууга жана алдын алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдан бери ИИМдин Ыкчам башкаруу борборунда иштеп жаткан жүздү таануу системасынын жардамы менен 3 миңден ашуун кылмышка шектүү жана дайынсыз жоголгон жарандар аныкталган. Учурда 3 миңге жакын камера 24 саат бою көзөмөл жүргүзүп, жасалма интеллект аркылуу маалыматтарды талдайт.

Жүздү таануу технологиясы маска же көз айнек тагынган учурда да иштей алат. Система окшоштукту аныктап, ыкчам кызматтарга дароо маалымат берет.
Алдыдагы мезгилде «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында өлкө боюнча заманбап 20 миңдей видеокамера орнотуу мерчемделүүдө.

Ички иштер министрлиги системанын натыйжалуулугун жана туруктуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.