www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13 август саат 14:00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп билдирди жеринен Бакытбек Курманбаев «NazarNews» агенттигине.

--Миллион деген мигранттардын тагдыры күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат! Эмне максатта элчи эл менен түз жолуга албайт! Бийлик ага тез арада чара көрүп, РФнын элчилигине тең ата сүйлөшө турган, билимдүү адам келсин! - деди Курманбаев.

Ага кошумча, «Москвадагы элчилигибиз бизди жолушууга чакырган эле. Биз келдик, 10-15 адам чогулдук. Бирок элчи Гүлнара Клара-Самат өзү чыккан жок, биздин көйгөйүбүздү уккан жок. Жардамчысы чыгып, бизге жооп бергенге аракет кылды. Бирок алардын сөзүн биз өзүбүз деле жакшы билебиз. Биздин эң чоң талап Россия бийлиги менен мигранттардын көйгөйлөрүн жана регистрация маселесин чечсе жакшы болмок.  Тилекке каршы, элчи Гүлнара Клара-Самат биздин маселеребизди чечүү бул жакта турсун, кыргыздар менен жолуга элек. Андай элчинин бизге кереги барбы? Албетте, кереги жок!», - деп билдирди Москвадан Бакытбек Курманбаев.

Эске сала кетсек, Гүлнара Клара-Самат азыркы бийликтен бата алып, Орусия тарапка сапар тартып, Кремлге келин болуп түшкөндөн бери бар менен жоктун ортосундагы байкуштун кейпин кийип алган. Ал тургай миңдеген мекендештер менен жолугуп, алардын көйгөйүн уга элек. Кыркы чыга элек келиндей болгон Элчи Клара-Саматты жеринен бир-эки иш билген инсандар “апаптап” мигранттардын аралатып, жүгүнтүп койсо же ага Кыргызстан тараптан “Жар-жар” айткан саясый ырчы керек балким. ...

Аталган элчи кең далалуу Россияны кыдырбаса дагы алдындагы “Арбатка” барып, кыргыздардан кабар алабы? Сүзүлгөн текедей болгон Клара-Саматты президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев анча-мынча челип койсо жакшы болот беле?

Последние новости