www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясына эки заманбап моторлуу суу кайыгы берилди. Кайыктардын узундугу 6,5 метр, бышык алюминийден жасалган жана ички суу жолдору үчүн атайын иштелип чыккан. Алар заманбап радар, күн энергиясы менен иштеген камера жана сонар менен жабдылган, бул багыттоо жана кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Кайыктардын жалпы баасы 6 900 000 сомду түзөт.

Мындан тышкары, ар бир райондук бөлүмгө жаңы муундагы заманбап учкучсуз учуучу аппараттар (квадрокоптерлер) берилди. Алар эң катаал экологиялык шарттарда иштей алат, сенсорлор жана тепловизор менен жабдылгандыктан, адамдарды издөө, браконьерлерди аныктоо, инфраструктураны көзөмөлдөө, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана токой өрттөрүн көзөмөлдөөдө колдонулат. Дрондордун баасы 1 300 000 сомду түзөт.

Бул жабдуулар толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган. Иш-чаралар Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, биологиялык ресурстарды сактоого, экологиялык мониторингди өнүктүрүүгө жана суу объектилерин коргоо системасын чыңдоого өбөлгө түзөт.

