www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухтар Ауэзовдун 125 жылдык мааракесине карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк тилинде басып чыгарган Зейнолла Қабдоловдун «Менің Әуезовым» китебинин таанытымы Нур-Султанда өттү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Китепти түрк тилине Asem Erezhekyzy которгон. Китеп таанытымына Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев, КР Президентинин кеңешчиси Бауржан Омаров, Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, жазуучунун уулу Мурат Ауэзов, Зейнолла Қабдоловдун бир туугандары, Казак Илимдер академиясынын академиктери, көркөм интеллигенция өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышты.

Китеп таанытым соңунда Мухтар Ауэзов атындагы алтын медаль менен Мурат Ауэзов, Дияр Кунаев, жазуучунун эмгектерин изилдеген окмуштуулар жана өнөр адамдары сыйланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости