www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек чек арачыларынын огунан Кыргызстандын 3 жараны көз жумду, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы.

Кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигиндеги кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына ок атышкан.

Анын кесепетинен 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок алар эсине келбей, каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Букадагы чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган боюнча чек ара өкүлү менен жолугуп, тараптар ички иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости