www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөттөр сүйлөсүн! 7-апрель - Элдик революцияга 16 жыл

Апрель Элдик революциясына бүгүн 16 жыл болду.

Элдик толкун 2010-жылы 7-апрелде ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан улам болгон.

Оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жыйынтыгында Бакиевдин бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.

Толкундоолор 6-апрель күнү 2010-жылы Талас шаарында башталып, коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга алып келген. Кийинки күнү Кыргызстандын бардык аймагын кучагына алып, эл президент Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылган.

Министрлер кабинети отставкага кетип, бийлик Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. 

Бул кандуу күнү жалпысынан 87 адам каза болгон жана 300дөн ашык адам жаракат алган.

Төмөндө Элдик ревлюция кандай өткөнүн сүрөттөр сүйлөйт:

Сүрөттөр интернет булактарынан алынды

Последние новости