www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«СС» кыргыздардын түбү эң байыркы. Бирок кыргыз элин бийлеп турган Тагай ханды көрөр менен, анын баласын ээрчип келаткан саяктардын түпкү атасы амалданып Тагай хандын жубайынын эмчегин ээмп жиберип, анын бакма баласы болуп калган. «СС» кыргыздар сулуу кыздарга, суутулган тулпарларга, сук түшүргөн тебетейлерге көз артышып, бийлик дешкенде ак эткенден, так этишип жалооруган көз менен ким бийликке келсе, ошого жагынышып, кыргыздын бир бучкагын бучкактап турушат. Булардын арасында Кайып Шер деген бир «СС» кыргыз сегиз айдан бери Садыр Жапаровдун бийлигинин тамтыгын чыгарып, көөлөп келаткан. «СС» кыргыздар да бийликти сындайт экен деп эл таң калып турган. Аңгыча, ал «маневр» жасады, кыргызча айтканда айла-амал колдоно баштады. Мактаганды жакшы көргөн «СС» кыргыздыгына салып, президенттин жубайы канайым Айгүл Жапарованы асмандагы айга теңей баштады. Анан кантсин, кан тартып саяк иничеги Абдил Сегизбаев камалып жатса, Жапаровду түз эле мактай баштаса, эл эмне деп ойлойт?
Анын дагы бир депутат агасы бар, Иса Өмүркулов деген. Мына элди мактаса, бир Исаке мактасын. Ал Атамбаев досу менен Беш-Күңгөйдөгү дачасына даң салып жүрүп, досун «Журт атасы» деп мактап чыккан. Ал кызматтан түшөр менен «Курт атасы» деп аны мазактаганга өткөн. Акыркы убакта Чүй аймагынын кадрларын СДПК фракциясынын атка минери Иса Өмүркулов тейлеп келатат. Ошондуктан, Чүй аймагында аким болгондордун ыйкы-тыйкысы көп. Чүй аймагына кандай адамдар аким болуп келет? Алсак, Иса Өмүркулов жакын тууганын туулган күнүнө майрамдап барат. Жүз граммдан ой-да бастырган соң Иса Өмүркуловдун ичи ысып кетет да Ысык-Атанын акимдигин жакын тууганынын туулган күнүнө “падарить” этип койо турган. “СС” депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги Бишкек-Торугарт унаа жолунан айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү), ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, "Ауди" үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган.
Андан кийин «СС» депутат Иса Өмүркулов уулу Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедченди сүзүп кетүүгө шектелип жатканын жазышкан. Ошондой эле айдоочунун канынан баңгизат табылганын да маалымдашкан. Иса Өмүркуловдун айтымында, окуя анча коркунучтуу болгон эмес: «Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген», - деп актанган Өмүркулов. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилди.
Депутаттар үчүн көчөдөгү элди тебелеп –кетиш кумар оюну сыяктуу болуп калды. Мыйзам чыгарган депутаттар Кылмыш-Жаза кодексин тоготпушпайт. Бул мыйзам алар үчүн жазылган эмес, эл үчүн гана жазылган. Иса Өмүркуловдун баласы элди кумурскадай тебелеп көнүп деле калдык. Депутат Аалы Карашевдин бир кездеги губернатор атасы Азим Карашев аксакал башы менен киши тебелеп жаза тартпай жүрөт. Азим Карашев кайын агасы Усубалиевдин тушунда учкан куштай делбелектеп жүрүп Өзгөндү тейлеп калган. Акаевдин заманында Тогуз-Торо районун жетектеп, “Макмалалтындын” алтындарын өзү калагандай билчү, керек учурларда Акаевдин учагы менен Швейцарияга ташып кетчү. Ал уулу Аалыны балмуздак берип чоңойтуп жүрүп айтылуу акаевчил ичип-жегич Чолпон Баекованын сиңдисине үйлөнткөндө, алтындарын чачып Исанова көчөсүнө заңгыраган хансарайларды салдырып берген дешет. Хансарайлары өздөрүнө буюрсун, кийин Аалы Карашев хамалеончо терисин алмаштырып ким бийликке келсе, ошонун көчүгүн жыттап жүргөндө пенсионер Азим Карашев көчөдө кетип бара жаткан адамды тебелеп кетип, чымын чаккандай да көргөн жок.
Иса Өмүркуловдун баласын өткөндө жандосу Алмазбек Атамбаев президент болуп кылмыш жоопкерчилигинен кутказып калган. Иса Өмүркулов Атамбаевдин “истеблишменти” убакта жандосуна бакадай чардап берип, изин суутпай Беш-Күңгөйдөгү дачада стакан кагышып турган. Атамбаевдин жүгү оорлой баштаганда Исакебиз “журт атасына” бара турган чыйырлардын изин суутуп, ага жасаган мамилесин 180 градус буруп, журт атасын курт атасына бурган. Атамбаев камалган соң жандосун жамандаса тилинен кара түтүн чыгат. Иса Шейшенкулович Сооронбай Жээнбековдун “истеблишменти” убагында албан таасирлерге ээ болуп, каалаган күнү акимдикти каалаган адамына туулган күнүнө “подарить” этип коюп, бул бийликтин “номенклатуралык” эрежесин бузуп жүрдү. Эмне акимдик кызмат туулган күнгө ыроологондой көйнөк беле? Иса Өмүркулов чүйлүк солто эмес, чүйлүк сарбагыш да эмес, түбү Жумгалдан келген саяк. Бирок Чүйдүн акимдерин каалашынча билет, каалашынча сорот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg