www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында өзүн «Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын башкы катчысы» деп атап жүргөн 80 жаштагы Владимир Корякин камакка алынды.

Mash Telegram-каналынын билдирүүсүндө пенсионерге карата экстремизм беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал тергөө абагына киргизилгени айтылат.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, Корякин Орусияда тыюу салынган «СССРдин жарандары» («Граждане СССР») уюмунун жетекчилеринин бири болгон. Ал 35 жылдан бери Советтер Союзунун тараганын тааныбай, бул көз карашты башкаларга жайылтып келген.

Бул уюмдун мүчөлөрү азыркы Орусия мамлекетинин бар экенин четке кагып, расмий документтерди тааныбай турганы жана мамлекеттик мекемелерге каршы позицияны карманары белгиленет.
Учурда Владимир Корякинге байланыштуу тергөө иштери уланууда.

Последние новости