www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРди чиритип таш-талканын чыгарууга көп эмгек сиңирген Збигнев Бзежинский: «Орусияны жок кылыш үчүн, биринчиден, Украинаны алыш керек, ошол жерден Орусияны майдалап, бырчалап жок кылыш керек» -деген. Орусияны талкалаш үчүн Украина эң жакшы ролду аткара баштаган, бул согуш Украина үчүн гана эмес Орусия үчүн абдан баалуу, Орусиянын келчегинде болобу же болбойбу деген маселе турат.

АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байдендин инвестициялык фонду Пентагондун Украинадагы аскердик-биологиялык программасын каржылоого катышкан. Табылган материалдар АКШнын мамлекеттик органдары менен Украинанын биологиялык объектилеринин ортосундагы өз ара иштешүү схемасын байкоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ишмердүүлүктү каржылоого Американын азыркы президентине жакын түзүмдөрдүн, тагыраагы, Хантер Байден башкарган Rosemont Seneca инвестициялык фондунун катышуусу көңүл бурдуртат.

Фонд ири каржы ресурстарына ээ. Ошол эле учурда Американын аскер мекемелери менен тыгыз байланышта. Анын арасында Пентагондун биолабораторияларына дүйнө жүзү боюнча жабдууларды жеткирген компаниялар бар. АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык программаларын каржылоого Сорос фонду өңдүү уюмдар катышкан. АКШ Украинадагы биолабораториялардын ишине 200 миллион доллар короткон. АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөрүн билдирген.

Америка лидери Жо Байден АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары - эгерде Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонууну чечсе, «жооп кайтара турганын» билдирди. «Биздин кадамдын мүнөзү жасалган аракетке жараша болот», — деп билдирген Байден. Буга чейин Байден – Орусия бийлиги химиялык жана биологиялык куралга ээ экенин, аны АКШ менен Украинага каршы колдонууну карап жатканын айтып чыккан. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков бул билдирүүнү кара өзгөйлүк жана жалаа катары баалап, өлкөдө андай куралдын бири да жок экенин белгилеген. Ошол эле маалда Пентагон – Орусия химиялык жана биологиялык куралды колдонот деген маалыматы жок экенин айткан.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков украин улутчулдары уулуу заттарды колдонуу менен чагымчылдык жасап, бул аракеттерин орус аскерлерине түртө салышы мүмкүн экенин эскерткен.

Мындан тышкары, Орусиянын Вашингтондогу элчилиги «Украинанын радикалдык топтору Американын атайын кызматтарынын көзөмөлү менен карапайым калкка каршы чагым жасоо үчүн уулуу химикаттарды колдонуунун бир нече сценарийин даярдаганы» Москвага маалым экенин белгилеген. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ азыркыга чейин аскер тармагында колдонулчу уулуу заттардын корун жок кылбаганын эске салган.

Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди Зеленский өзү кабыл алышы керек. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден маалымат жыйын учурунда билдирди. Журналист ага: «Ок атууну токтотуу үчүн Киев - Украина аймагынын бир бөлүгүн бериш керекпи» деген суроо узаткан. «Бул Украинанын өз чечими болуш керек. Биз Украинанын катышуусу жок ал тууралуу эч нерсе дей албайбыз», — деп жооп айткан Байден. Ошол эле учурда Байден Киев бул кадамга барбайт деген ишенимде экенин да баса белгилеген. «Алар мындай кылбайт деп ойлойм. Бирок сүйлөшүү болгон, ага мен катышкан эмесмин. Алар чечимди өздөрү кабыл алат», — деген АКШ президенти.

Украинадагы атайын операция план боюнча өнүгүп жатат, ал алдыга коюлган максаттарга - өлкөнү демилитаризациялоо жана деназиялаштыруу ишке ашмайынча улантылат, натыйжада ал нейтралдуу болуп, антиорусиялык саясат жүргүзбөй, кадимки коңшу болушу керек. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.

«Атайын операция биринчи кезекте Орусия мамлекетинин алдына койгон максаттары дипломатиялык жол менен ишке ашпай калгандыктан болду. Бул тууралуу президент атайын операция башталганын жарыялап жатып билдирди. Операциянын жүрүшү, аны ишке ашыруу пландары аныкталат. Конституцияга ылайык, ал президент «Президент өз баасын берди. Операция план боюнча жүрүп жатат. Бул планды Жогорку Башкы командачы даярдап, бекиткен», - деди Медведев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости