www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сербия Республикасынын президенти Александр Вучич 29-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча Сербиянын «бир Кытай» принциптерине берилгендигин дагы бир ирет ырастады. Ал Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Бул тууралуу «NazarNews» агенттигине Кытайдын «CCTV-plus» маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Александр Вучич бул билдирүүнү Сербиянын чыгышында Кытай тарабынан курулуп жаткан «Дунай коридору» ылдам жүрүүчү автожолунун курулушун текшерүү учурунда жасаган.
Ал Тайвань маселеси Кытайдын ички иши экенин баса белгилеп, Сербия бул позицияны ырааттуу карманып келерин айтты.
«Менде бир маанилүү билдирүү бар. Биздин максатыбыз — глобалдык тынчтыкты жана туруктуулукту колдоо. Ошондой эле БУУнун Уставын, эл аралык укукту жана тынчтыкта жанаша жашоонун беш принциптерин урматтоо маанилүү. Сербия Кытай Эл Республикасын анын аймактык бүтүндүгүн коргоодо мындан ары да бекем колдойт. Сербия бардык саясий күчтөрү менен “бир Кытай” принциптерин жактайт. Тайвань — Кытайдын ажырагыс бөлүгү. Бул Сербиянын Тайвань маселеси боюнча ырааттуу позициясы болуп келген жана мындан ары да ушундай бойдон калат», — деди Вучич.
Голубац шаарындагы курулуш аянтчасына барган учурда Сербия президенти «Дунай коридорун» куруп жаткан кытайлык жана сербиялык жумушчулар менен баарлашып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун маанисин белгиледи.
Анын айтымында, кытай компаниясы куруп жаткан жол Дунай дарыясынын боюндагы транспорттук байланышты кыйла жакшыртып, Сербиянын чыгыш аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Президент курулуштун сапатына канааттанганын билдирип, кытайлык адистерге ишеним артарын айтты.
Иш-чарага ошондой эле Кытайдын Сербиядагы элчиси Ли Мин, Сербиянын курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Александра Софрониевич, «Коридори Србије» мамлекеттик компаниясынын директору Александр Антич, «Путеви Србије» компаниясынын милдетин аткаруучу директору Зоран Дробняк жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Кытайдын Сербиядагы элчиси Ли Мин бул долбоор Сербиянын өнүгүүсү үчүн узак мөөнөттүү мааниге ээ экенин белгилеп, аны «эки элдин жана компаниялардын акылмандыгынын жыйынтыгы» деп мүнөздөдү.
Узундугу 68 чакырымды түзгөн «Дунай коридору» Сербиянын чыгышындагы Браничев округун Белград шаары жана эл аралык E75 автомагистралы менен байланыштырат. Автожолдун 31,85 чакырымдык бөлүгүндө кыймыл 2025-жылдын февраль айында ачылган, калган тилкелерде курулуш иштери уланууда.