www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибандар» чет элдик валютаны Ооганстанда колдонууга тыюу салышты. Алар Орусия тарабынан тыюу салынган террордук уюмдун катарына кошулган. Албетте, Кыргызстан Орусия кимди кошсо кошот да. Бирок Путин талибандарды террористтик уюмдардын катарынан чыгарабыз деп жатат. Кыргызстан да чыгарат болуш керек. Мындан 20 жыл илгери, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ террордук чабуулга кабылып, ага жооп кылып "Ал-Каида" менен "Талибанга" согуш жарыялап, Ооганстанды басып кирген. Уруш 20 жылга созулуп, соңунда батыш коалициясы аскерлерин алып чыгууга мажбур болуп, өлкөнүн бийлигин талибандар ээледи. Бул тууралуу жазылган материалдарды «NazarNews.kg» которуп берүүнү туура көрдү.
Ири державалардын жана режимдердин кызыкчылыктары кесилишкен Ооганстан жакыр экенине карабай, өтө бекем экенин Сталиндин тажрыйбасынан дагы көрсөк болот. Сталин бул өлкөнү багындырууга үч жолу даярданып, бирок пландарын ишке ашыра алган эмес. Ооганстан дүйнөдө биринчилерден болуп Советтик Орусияны тааныганы айтылчу. Бирок тарыхый себептерин жашыруун калтырууну туура көрүшкөн. Чынында Ленин баштаган өлкө менен дипломатиялык карым-катнашты 1919-жылдын 27-мартында Аманулла хан орноткон. Большевиктер мындан бир ай мурун, февраль айынын соңунда аны Кабулдун башчысы деп тааныган. Өлкөнүн ага чейинки эмири Хабибулла хандын бийлиги 18 жылга созулган. Ак сарайдагы кутумчулар аны 1919-жылдын 20-февралында өлтүрүп, тактыга бир тууган иниси Насрулла хан отурат. Бирок анын бийлиги узакка созулган эмес. Каршылаштары жаш өкүмдарды бир тууган агасын өлтүрдү деп айыптап, зынданга салып, бийликке Хабибулла хандын үчүнчү уулу Аманулла хан келген. Бир жылдан кийин зынданда жаткан Насрулла хандын көзүн тазалашкан. Большевиктер бийликке жаңыдан отурган Аманулла ханды эл аралык изоляциядан чыгуу үчүн эле эмес, Британ империясына каршы туруу үчүн колдогон. 1919-жылга чейин Ооганстан иш жүзүндө Британ империясынын протектораты эсептелчү, келишим негизинде ооган бюджетин дотациялаш үчүн каражат бөлүнчү. Анын акысына Кабул өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан четтетилген эле.
Аманулла хан болсо тактыга отурары менен өлкөсүн толук көз карандысыз деп жарыялап, аны менен эле тим болбой кечээки колдоочусуна каршы уруш ачкан. Анын натыйжасында 1919-жылдын августунда Британия Ооганстанды эгемен өлкө катары тааныган. 1921-жылдын 21-февралында РСФСР менен Ооганстан ортосунда достук келишимге кол коюлуп, анын негизинде Москва жыл сайын Кабулга миллион субсидия төлөп турган.
Большевиктер алыскы Ооганстанды дүйнөлүк революциянын Индияга алып барчу жолу катары карашкан. Дипломаттардын колу коюлуп, ортолук мамилеге жол ачылгандан кийин атайын кызматтар шымаланып ишке киришкен. Алгачкы советтик агенттердин бири Жемал паша деген түрк болгон. Ал армян кыргынына, ошондой эле Биринчи дүйнөлүк согушта арабдарга азапты көрсөткөндөрдөн эле.
1921-жылдын 1-ноябрында Улуттар иштери боюнча нарком жетекчиси Сталинге жолугуп, ал кездеги британиялык Индиянын түндүк-батышындагы куралдуу козголоңго даяр можахеддерди каражат, курал менен жабдый ала турганын билдирген. Иосиф Сталин андай демилгени колдорун ырастап, Троцкийге кат жазган:
“Түштүк Азиядагы көпчүлүк мусулман уруулары менен Пенжаб аймагындагы мусулмандар арасында Жемалдын кадыры чоң экен. Ал жерлерде биз база түзүп, Англияга олуттуу зыян келтире турган мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Пенжабдыктар 1922-жылдын жазында же жайында кол салышы керек. Андан тышкары биздин жана түрк инструкторлору менен Жемалга Ооганстанда болбоду дегенде бир бригаданы (мыкты куралданган) түзүп берсек (Аманулла-хандын жетегиндеги делген – А.Г.), Англиянын Ооганстандагы таасирин азайтууга реалдуу негиз түзөбүз. Муну жасабасак, маанилүү делген экинчи милдетибиздин (Индиядагы көтөрүлүш кыймылдарына түздөн-түз таасир кылуу) ишке ашуусу мүмкүн эмес”.
Саясий бюро көпкө ойлонуп отуруп, алгач аскерлер менен инструкторлорду жабдууга каражат жөнөтүүнү туура көргөн. Андан аз өтпөй Тбилисиде Жемал паша каршыккан армяндын колунан набыт болот. 1923-жылы Аманулла хан Конституцияны сунуш кылган. Карапайым калк анын маанилүү документ экенин аңдай албады. Британиялык Индиядан келген импорттук товарларга кошумча салыктын киргизилиши дыйкандардын нааразылыгын жараткан. Андан айрыкча чек арага жакын жашагандар көп зыян тартып, товарлардын керектөө баалары өстү. Буга кошумча Аманулла хан салыктарды көбөйтүп, аны борборго чогултуу милдетин койгон. Бул жергиликтүү төбөлдөрдүн нааразылыгын жараткан. Дыйкандарга бийликтин аскерге милдеттүү тартуу аракети да жаккан эмес.
1924-жылы жазында Ооганстандын түштүгүндө көтөрүлүш башталды. Нааразы калкын кантип токтотуштун аргасын таба албаган конституциялык монарх түндүктөгү кубаттуу коңшусуна жардам сурап кайрылган. Өтүнүчкө жооп кылып, күзүндө учактар жиберилген. Кабулга 11 кызыл авиаторлор келишкен. Алар авиачалгын гана жүргүзүшпөстөн, пуштун козголоңчулары ээлеп турган жерлерди бомбалашкан.
Советтик адистер оогандардын аскер аба күчтөрүн да түзө баштаган. Андан сырткары СССР Ооганстанга өздүк наркынан кыйла арзан куралдарды, ок-дарыларды, ошондой эле радиостанцияларды берип турган. Аскер чалгыны менен Коминтерндин иши катуу жүрүшкөн. СССРдин Кабулдагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 1924-жылдын апрелинен тарта иштеген Георгий Агабековдун ырасташынча, атайын кызматтардын иштөөсүнө эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
“ Мен Башкы саясий башкармалык (ГПУ) линиясы боюнча иштөөгө адамдарды тартчумун. Абдул-Мажид хан камакка алынгандан кийин (козголоңчуларга каршы согушкусу келбегендиги үчүн камакка алынган жандарм полковниги. – А. Г.) анын Кабул полициясында аталаш иниси менен байланышып, ооган полиция агенттиги тарабынан болгон маалыматтарды алып турдум. Раджа Протап (эмир менен жакын мамиледеги индиялык эмигрант. – А. Г.) мени Кабул провинциясынын (салык башкармалыгынын башчысы) Мустафа менен тааныштырды. Ал аркылуу өкмөттүк маалыматтарды алып турдум. Андан Индия мусулмандары тууралуу маалыматтарды да чогултчумун. Ал Аманулла хандын тапшырмасы менен индиялык мусулмандардын башчылары менен тыгыз байланышта эле. Кабул полициясынын башчысы менен тааныштым … ал ай сайын алып турчу 600 рупийдин акысына менин тапшырмам боюнча бардык англис жашыруун агенттерин камакка алуу милдетин көтөрдү. Албетте, бул шартты ал толугу менен аткарды. Англиянын тыңчысы деп биз шек алган адамдардын баары ушул полиция жетекчиси тарабынан камакка алынган”.
1925-жылы СССР курал-жарак, ок-дарылар менен жабдууну күчөткөн. Келишимден сырткары, акысыз 4,5 миң мылтык, 50 пулемёт, патрондорду, ошондой эле радиостанция берилген. Көтөрүлүшкө чыккандар талкаланган. Ага улай жыйырма оогандык советтик учкучтар окуусуна жөнөтүлүп, советтик адистер (36 киши) Ооганстандын аскер аба күчтөрүнүн негизги пайдубалын түптөгөн.
Козголоңду күч менен баскандан кийин Аманулла хан эмирликти алмаштырып, Ооганстан падышасы болуп калды. Жумушчулар менен дыйкандардын бактысы үчүн күрөшчүлөрдү өкүмдардын мындай аракетин өөн көрбөдү. Ооган пашасына курал-жарак, ок-дарыларды аянбай берип, 1928-жылы өзгөчө сый-урмат менен Москва, Ленинград, Минскиде кабыл алышкан.
(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg