www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия күчтүү циклондун таасирине кабылды. Өлкөнүн айрым шаарларында бир нече күндөн бери катуу кар жаап жатат. Бийлик Стамбулдагы аэропортту жапты. Андан сырткары университеттердеги сабактар да токтотулуп, Босфор кысыгында кемелердин жүрүшүнө тыюу салынды.

Haber басылмасынын жазганына караганда, Стамбул акыркы жылдардагы эң катаал кышты баштан кечирүүдө. Шаардын айрым райондорунда кардын бийиктиги бир метрге жетти. Кар жааганынан соода борборлору жабылып, шаарлар аралык автобус каттамдары токтотулду.

«Муз тоңгон жолдор көптөгөн жол кырсыктарына себеп болду. Айрым жерлерде кыймыл толугу менен токтоп, жолдордо сансыз унаалар калып калды. Айрым тургундар унааларын жол четине таштап, жөө кетүүгө аргасыз болушту», — деп айтылат макалада.

Жергиликтүү бийлик шаар тургундары үйлөрүнө кайта алышы үчүн метронун иштөө убактысын түнкү саат экиге чейин узартты.

Маалыматка караганда, Стамбул аэропорту бороон-чапкынга байланыштуу 25-январга чейин жабык болот.

Ошондой эле Стамбул аэропортунда кардын көп топтолушунан жүк терминалынын чатыры урап түшкөнү кабарланды. Жабыркагандар жок.

Метеорологдор Стамбулда кар дагы үч күн жаай турганын эскертишти. Жергиликтүү бийлик жарандарды зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоого чакырууда. Шаарда абанын температурасы -2 градуска чейин төмөндөп, бул январь айы үчүн орточо көрсөткүчтөн 4–6 градуска төмөн экенин RG.RU жазды.

Последние новости